Жашылча-жемиштер бакыттын булагы

Уорвик университетинде иштеген илимпоздор жашылча-жемиштердин кошумча порциясын жеш бактылуулукту бир топ жогорулатаарын далилдей алышты. Муну ийгиликтуу эмгектин материалдык жыргалчылыгынын жогорулашы менен салыштырууга болот. Изилдөөнүн натыйжалары эң абройлуу америкалык журналдардын биринде жарыяланган.

Эксперимент учурунда эксперттер туш келди тандалып алынган 12000 адамдын психологиялык абалын жана диетасын изилдешкен. Алардын ар бири диета күндөлүгүн жүргүзүшкөн. Австралиядагы үй чарбасы, кирешеси жана эмгек динамикасы боюнча изилдөөгө катышкан бардык субъекттер күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштарды, ошондой эле алардын көлөмүн көрсөтүүсү талап кылынган.

Жыйынтыгында окумуштуулар 2007, 2009 жана 2013-жылдардагы маалыматтарды чогултууга жетишти. Алынган маалыматтар психологиялык тесттин жооптору менен салыштырылды. Жеке мүнөздөмөлөр жана бактылуулук даражасына таасир этүүчү кирешелер тууралуу маалыматтар да эске алынган.

Маалым болгондой, күн сайын жеген көп сандагы жашылча-жемиштер бакыттын деңгээлине оң таасирин тийгизет. Эксперттердин айтымында, бул эффект ден соолукка тийгизген пайдалуу таасиринен кыйла ашып турат. Мунун себеби жашылча-жемиштерде бар каротиноиддер болушу мүмкүн. Алар гормондордун деңгээлин жогорулатып, организмдеги редокс процесстерине таасир этет. Эксперттердин пикири боюнча, сергек жашоо образы дароо натыйжа бере албагандыктан, көпчүлүк адамдар тамак-ашына өзгөртүүлөрдү киргизгиси келбейт. Ошол эле учурда психологиялык абалдын жетишээрлик тез жакшыруусу байкалууда, ал адамдарды тамактанууну өзгөртүүгө түрткү берет.

Изилдөөнүн жыйынтыгы саламаттыкты сактоо тармагында туура тамактанууну жайылтуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Таштап Жооп