Джейми Оливерден пайдалуу кеңештер

1) Бармактарыңыздагы жемиш тактарынан арылуу үчүн кабыгынан тазаланган картошка менен сүртүңүз же ак уксуска чылап коюңуз.

2) Цитрус жемиштерин жана помидорлорду муздаткычта сактоого болбойт – температуранын төмөндүгүнө байланыштуу алардын даамы жана жыты жоголот. 3) Эгерде сиз бардык сүттү бир убакта колдонууга даяр болбосоңуз, баштыкка бир чымчым туз кошуп коюңуз – анда сүт кычкыл болбойт. 4) Электр чайнекти какты тазалоо үчүн ага ½ стакан уксус жана ½ стакан суу куюп, кайнатып, анан чайнекти агын суу менен жууп салыңыз. 5) Бош желим идишке жагымсыз жыт чыкпаш үчүн ага бир чымчым туз чачыңыз. 6) Картошка же макарон кайнатылган сууну үй өсүмдүктөрүн сугарууга колдонсо болот – бул сууда көптөгөн пайдалуу заттар бар. 7) Салатты таза сактоо үчүн аны кагаз ашкана сүлгүгө ороп, муздаткычка желим баштыкка салып коюңуз. 8) Шорпону ашыкча туздап койсоңуз, кабыгынан тазаланган картошканы кошуңуз – ашыкча тузду сиңирип алат. 9) Эгерде нан эскирип баштаса, анын жанына жаңы сельдерейдин бир бөлүгүн коюңуз. 10) Күрүчүңүз күйүп калса, ага бир кесим ак нан салып, 5-10 мүнөткө тыныктырып коюңуз – нан жагымсыз жыт менен даамды “жулуп” салат. 11) Бышкан банандарды өзүнчө, ал эми бышпаган банандарды бир боодо сактоо жакшы. : jamieoliver.com : Лакшми

Таштап Жооп