Ичүүчү суу булактарынын булганышы

Айлана-чөйрөнүн булганышы - бул эт жегениңиз үчүн төлөгөн баа. Саркынды сууларды агызуу, эт комбинаттары менен мал чарба фермаларынын калдыктарын дарыяларга жана суу объектилерине таштоо алардын булганышынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

Планетабыздагы ичүүчү таза суунун булактары булганып эле тим болбостон, акырындык менен түгөнүп баратканы, өзгөчө сууну ысырап кылган эт тармагы болуп жатканы азыр эч кимге жашыруун эмес.

Бул тууралуу атактуу эколог Георг Боргстрем ырастайт Мал чарба фермаларынан чыккан саркынды суулар айлана-чөйрөнү шаардык канализацияга караганда он эсе, өндүрүштүк саркынды сууларга караганда үч эсе көп булгайт.

Бул тууралуу Похл менен Анна Эрлихтер «Популяция, ресурстар жана айлана-чөйрө» деген китебинде жазышат бир килограмм буудайды өстүрүү үчүн 60 литр гана суу керектелет, ал эми бир килограмм эт өндүрүүгө 1250дөн 3000 литрге чейин суу кетет!

1973-жылы New York Post гезити Американын чоң канаттуулар фермасында баалуу жаратылыш ресурсу болгон суунун үрөй учурарлык ысырап болушу жөнүндө макала жарыялаган. Бул бакма канаттуулар фабрикасы суткасына 400.000 миң куб суу керектеген. Бул сумма 25.000 миң калкы бар шаарды суу менен камсыз кылууга жетет!

Таштап Жооп