Окумуштуулар вегетариандык адамдын кан басымына оң таасирин далилдешти

Окумуштуулар вегетариандык адамдын кан басымынын деңгээлине таасирин далилдешти. Бул тууралуу 24-февралда The Los Angeles Times басылмасы жазып чыкты.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, эттен баш тартуу кан басымды жакшыраак көзөмөлдөөгө жана гипертониянын алдын алууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан окумуштуулар 21 миңден ашык адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан. Алардын 311и атайын клиникалык текшерүүдөн өткөн.

Кайсы өсүмдүк азыктары кан басымынын деңгээлине эң көп таасир этээрин окумуштуулар такташкан жок. Жалпысынан, жарыяланган изилдөөгө ылайык, вегетарианчылык организмге салмакты көзөмөлдөп турууга жардам берет, бул аркылуу кан басымына оң таасирин тийгизет.

Окумуштуулардын айтымында, вегетарианчылык жалпысынан гипертонияны дарылоодо колдонулган көптөгөн дарыларды алмаштыра алат. Жогорку кан басымы дүйнөдөгү эң кеңири таралган ден соолук көйгөйлөрүнүн бири. Мисалы, АКШда ар бир үчүнчү адам гипертониядан жабыркайт.

 

Таштап Жооп