Сүт азыктарын жегениңиз жүрөгүңүзгө кандай таасир этет
 

Кызыктуу жыйынтыктар сыр жана сүт азыктары боюнча 25 жылга созулган изилдөөдөн чыккан. Аны Чыгыш Финляндия университетинин окумуштуулары ишке ашырышты.

Алар чейрек кылым бою 2 катышуучуга байкоо жүргүзүштү. Жана бул изилдөөлөр сыр жеп жүрүү жүрөк оорулары рискин азайтууга жардам берерин көрсөттү.

Негизинен сыр, йогурт, айран жана быштак сыяктуу бардык ачытылган сүт азыктары холестериндин деңгээлин нормалдаштыруу аркылуу жүрөктүн ден соолугуна пайдалуу таасир этет.

Алынган маалыматтарга караганда, 3,5% дан аз майы бар кычкыл сүт азыктарын эң көп колдонгон адамдар инфаркттан 26% аз жапа чеккен.

 

Катышуучулар арасында эң популярдуусу айран болду, аны эл көп колдонду.

Эмне үчүн ачытылган тамактардын мындай пайдасы бар, окумуштуулар азырынча түшүндүрө элек. Бул ачытуу процессинде пайда болгон кошулмаларга байланыштуу болушу мүмкүн.

Бирок, башында сүт болгон бардык тамак-аштар мындай пайдага ээ эмес. Демек, сары май же балмуздак, тилекке каршы, андай пайдасы жок. 

Таштап Жооп