Баары ченеми менен жакшы ... жада калса көк чай да

Көк чайдын терс таасирлери эпигаллокатехин галлаты (EGCG) деп да аталган катехиндин көп болушу менен шартталган. Ошол эле учурда көк чай ден соолукка пайдалуу катехиндердин, күчтүү антиоксиданттар болгон органикалык заттардын аркасында. Көк чай холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, рак клеткаларынын өнүгүшүнө жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна жол бербейт, кант диабети жана тиштин сезгенүүсү менен күрөшөт, теринин жашаруусуна көмөктөшөт жана концентрацияны жакшыртат. Көк чайдын курамында кофеин бар, ошондуктан көк чай чындыгында кофеге альтернатива экенин айтуу кыйын. Ошентип, 8 унция (226 г) көк чайда 24-25 мг кофеин бар. Кофеиндин терс таасирлери: • уйкусуздук; • толкундануу; • гиперактивдүүлүк; • кардиопалмус; • булчуңдардын спазмы; • кыжырдануу; • баш оору.

Танниндин терс таасирлери: Бир жагынан көк чайга таттуу даам берүүчү зат болгон таннин денеден оор металлдарды чыгарууга жардам берсе, экинчи жагынан тамак сиңирүүсүнө себеп болот. Күнүнө 5 чыныдан ашык көк чай ичүү кусууну, диареяны, жүрөк айланууну жана ич катууну пайда кылат. Ач карын көк чай ичүү сунушталбайт. Көк чай организмдин темирди сиңирүү жөндөмүн төмөндөтүшү мүмкүн 2001-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр көк чайдын курамындагы антиоксиданттар организмдин темирди тамак-аштан сиңирүү жөндөмүн азайтарын далилдеген. Бирок, акыркы изилдөөлөр бул дооматты жокко чыгарат. Кош бойлуу кезде көк чай сунушталбайт Кофеиндин айынан дарыгерлер болочок энелерге көк чайды ичүүнү чектеп, күнүнө бир чыныдан (200 мл) ашык чай ичпөөнү кеңеш беришет. Бирок андан да коркунучтуусу көк чай организмдин фолий кислотасын сиңирүү жөндөмүн азайтат. Ал эми түйүлдүктүн тез өнүгүшү жана өсүшү үчүн аялдын денесинде фолий кислотасынын жетиштүү концентрациясы болушу керек. Көк чайдын дары менен айкалышы Эгер кандайдыр бир дары-дармектерди алып жатсаңыз, көк чай ичүүдөн же көк чайдын экстракты кошулмаларын алуудан мурун доктурга кайрылыңыз. Көк чай аденозиндин, бензодиазепиндердин, клозапиндин жана канды суюлтуучу дарылардын таасиринин алдын ала турганы белгилүү. Өзүңдү сакта! Булак: blogs.naturalnews.com Котормосу: Лакшми

Таштап Жооп