картошка менен ак козу карын шорпо
даярдоо:
Козу карындарды жууп, майда туурап, көмөч казанга салып, суу куюп, 30-40 мүнөт кайнатабыз. Андан соң майда тууралган картошканы салып, даяр болгонго чейин бышырып, туздап, куурулган пиязды куябыз. Дасторконго коюунун алдында каймак, укроп жана петрушка салабыз.
Тамагыңыз таттуу болсун!