Бала жакшы тамактанбаса, эмне кылуу керек – Жейми Оливердин кеңеши

1) Эң негизгиси андан трагедия кылбаңыз. Баары чечилет - сиз аны каалашыңыз керек. 2) Балдарыңызга тамак жасоонун негизги ыкмаларын үйрөтүңүз. Окууну оюнга айландырыңыз - балдар аны жакшы көрүшөт. 3) Балага өз алдынча жашылча же жемиш өстүрүү мүмкүнчүлүгүн бериңиз. 4) Дасторконго тамакты жаңы кызыктуу жолдор менен бериңиз. 5) Балдар менен туура тамактануу эмне үчүн маанилүү жана тамак-аштын организм үчүн эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөшүңүз. 6) Балаңызга дасторкон жайганды үйрөтүңүз. 7) Үйдө же ресторанда үй-бүлөлүк кечки тамак учурунда чоң тарелкага бир аз (сиздин оюңузча ден-соолукка пайдалуу) тамакты алып, бардыгына даамдап көргүлө. 8) Үй-бүлөңүз менен жаратылышка мүмкүн болушунча тез-тез чыгып туруңуз. Ачык абада табит жакшырып, баарыбыз тамакты азыраак тандайбыз. Булак: jamieoliver.com Которуу: Лакшми

Таштап Жооп